Файлдарды кантип жөнөтүүгө болот?
Файлдарды жөнөтүүнү эки ыкма менен ишке ашырууга болот — автоматтык түрдө, файл же бардык файлдар түзүлгөндөн кийин, же кол менен, Дисктен.
Биринчи учурда, «Файлдарды түзүү» терезесинде «Электрондук почта аркылуу жөнөтүү» опциясын тандасаңыз жетиштүү.
«Файлдарды түзүү» терезеси
Бул параметрлер жөнүндө көбүрөөк маалыматты бул шилтемеден алсаңыз болот.
Экинчи учурда жөнөтүлүшү керек болгон файлдарды тандап, контексттик менюда же тандоо панели аркылуу «Электрондук почта аркылуу жөнөтүү» баскычын басуу керек. Бул ыкма бир нече ар башка файлды бир адресатка жөнөтүү керек болгондо колдонулушу мүмкүн.
Контексттик менюдагы «Электрондук почта аркылуу жөнөтүү» пункту
Дисктен файл жөнөтүү туурасында көбүрөөк маалыматты бул шилтемеден окуй аласыз.