Диск үчүн орун сатып алуу
Файлдарды сактоо үчүн 5Гб көлөмдөгү орун бекер берилет. Бул көлөм файлдардын өлчөмүнө жараша 1 - 5 миң файлга чейин жетет. Керексиз файлдарды өчүрүп же Диск үчүн кошумча орун сатып алса болот. Диск толуп жаткан деңгээлди сол панелден, бош орун канча экенин көрүп билүүгө болот. Орун сатып алуу үчүн «Көбүрөөк орун» баскычын басыңыз.
Диск толумдуулугунун деңгээли
Ачылган терезеден керектүү көлөмдү жана төлөм ыкмасын тандоо мүмкүн - ай сайын же бир жылга алдын ала. Жылдык төлөм он айлык баага барабар болот.
Диск үчүн орун көлөмүн тандоо терезеси
Диск колдонуу акысы аккаунттун балансынан алынат. Эгер кийинки төлөм үчүн баланста каражат жетишсиз болсо, бул тууралуу аккаунтка байланыштуу электрондук почта дарегине билдирүү жөнөтүлөт.
Орунду көбөйтүү үчүн башында учурдагы ордунан баш тартуу керек (пайдаланылбаган күндөрдүн наркы аккаунтка кайтарылат), андан кийин чоңураак орунду кошуу сунушталат. Бул учурда Дисктеги файлдар орун өчүрүлгөндө жок болбойт.